21.02.2020 11:32

Социалдык өнүктүрүү министри: 5 миң 600 баланы ата-энеси туугандык байланышы жок бөтөн адамдарга таштап кеткен

5 миң 600 баланы ата-энеси бөтөн адамдарга таштап миграцияга кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын жыйынында белгилүү болду.

Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун айтымында, балдардын кароосуз калтырып кеткен ата-энелердин жоопкерчилигин кароо сунушталууда.

«Миграцияда жүрүп баласын таштап кеткен ата-энелер бар. Ымыркайларды алып келип, документтерин даярдап жатабыз. Мында ата-энелердин дагы жоопкерчилигин кароо сунушталууда», — дейт ал.

Улукбек Кочкоров 5 миң 600 баланы ата-энеси туугандык байланышы жок бөтөн адамдарга таштап миграцияга кетип калганын белгиледи.